Бишкекте Курман айт намазы аянтта окулбай турган болду

Курман айт майрамы күнү — 20-июлда аянтта намаз окулбайт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтияттын айтымында, майрамдын урматына намаз мечиттерде окулат. «Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Курман айт намазы аянтта окулбайт. Ал эми мечиттерде намаз учурунда санитардык нормаларды так сактоону суранабыз», — дешти Муфтияттан.