Бишкекте күйүктөн көз жумган наристе. Укук коргоочулар бардык жагдайларды тыкыр иликтөөнү суранышты

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду укук коргоо органдарынан бала кандай жагдайда күйүк алганын тыкыр иликтөөнү өтүнөт. Бул тууралуу аталган уюмдун Фейсбук баракчасында маалымдалды.

Алар 3 жаштагы наристе өзү күйүп калганына шектенип жатканын билдиришти.

Буга чейин Чүй ОИИБ маалымат таратып, Бишкектеги ооруканада 2019-жылы туулган бала көз жумганын билдиришти. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал жылыткычтан 80 пайыз күйүк алган.