Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегациянын жолугушуусу болду

Тараптардын дипломатиялык каналдар боюнча жетишилген макулдашууларына ылайык, Бишкек шаарында 3-9-февралда Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн. Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын аймагында болору пландалууда.