Бишкекте кышкы эс алуу учурунда 120 адам жаракат алган. Анын көбү баллон менен тоодон түшкөндөр

Бишкекте кышкы эс алуу учурунда 120 адам жаракат алган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Баллон жана целлофан менен тоодон түшпөңүздөр. Бул эң көп жаракат алып келчү жабдыктар. Түшүү учурунда алар негизинен омуртканы жана жамбаш сөөгүн жабыркатат, бул майып болуп калууга алып келиши мүмкүн. Адистердин эскертүүсүнө карабай, кышкы эс алуунун бул түрү эл ичинде популярдуу бойдон калууда», — деп жазылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө аталган ооруканада тоодо эс алып жатып ар кандай жаракаттарды алган 120 бейтап дарыланууда. Алардын көбүн баллон жана целлофан менен тоодон түшкөндөр түзөт.