Бишкекте кыз электр мамыга чыгып алып, түшө албай калган

Кечээ, 15-июнда Бишкектеги Ленин районундагы Айни көчөсүндө болжол менен 18-20 жаштагы кыз электр мамыга чыгып алып, түшө албай калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, темир электр мамычадан кызды аман-эсен түшүрүп, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.