Свердлов РИИБ маалымат таратып, Бишкекте зордуктоого шектелип 5 жаран кармалганын билдирген.
Милицияга 28-февралда кыз киши кайрылып, 5 адамга чара көрүүнү суранган. Ал 28-февралга караган түнү аны кафеден көтөрүп чыгышып, унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып барып, зордукташканын айткан. Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган 3 жаран, 2001-жылы туулган 2 жаран кармалып, камакка алынган.
Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, кыз качып кеткен жеринен кармап келишип, кайра зордукташканы айтылды. Жабырлануучунун 23 жашта экени да маалымдалды.
Свердлов райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунан тастыкташты. Соттун чечими менен шектүүлөр 28-апрелге чейин камакта болушат.