Бишкекте Ленинград блокадачысы Анна Кутанова акыркы сапарга узатылды

Бишкекте Ленинград блокадачысы Анна Кутанованы акыркы сапарга узатуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Анна Кутанова 38 жыл мугалим болуп иштеген Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык колледжинде митинг-реквием жана коштошуу аземи өткөрүлдү. Ардагер менен коштошуу аземине Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Виктор Харченко, Бишкек шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелис Бейшеев, Анна Кутанованын үй-бүлөсү жана жакындары катышты. Анын сөөгү борбор калаанын Түндүк көрүстөнүнө коюлду.