Бишкекте лифттердин техникалык абалы текшерилүүдө

Бишкекте лифттердин техникалык абалы текшерилүүдө. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Текшерүү Бөкөнбаев көчөсү, 14 дарегиндеги көп кабаттуу үйдөгү лифттерден башталган. «Бишкек шаардык лифттин» адистери эшиктердин, шахталардын жана кабиналардын иштөө тартибин текшеришти. Бул лифттерге 37 жыл толду, алар толук канаттандырарлык иштеп жатат», — деп белгилешти мэриядан.