Бишкектеги массалык иш-чаралар саат 22:00дө бүтүшү керек. Бирок кафе-ресторандар түнкүсүн иштей берет. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев мэриядагы жыйында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин бишкектиктер электр энергиясын колдонууга коюлган лимиттен (10 млн 45кВт/саат) ашып, 11 млн 130кВт/ саат керектеп жатса, түшүндүрүү иштеринен кийин сарптоо 9 млн 735 кВт/саатка түшкөн.
Мындан сырткары Жунушалиев “Массалык иш-чара өткөргөн жайлар 22:00дөн кийин генератор менен иштесе болот. Бирок ызы-чуу жаратып, коңшулардын тынчын албашы керек” деди.