Бишкекте массалык уулануу катталды

иллюстрация

Кечээ, 23-октябрда жана бүгүн, 24-октябрда 12 адам, алардын ичинен 3 бала тамактан ууланып, Темир жол ооруканасына кайрылышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда үч аял стационардык дарыланууда, алардын абалын дарыгерлер туруктуу деп баалашууда. Калган жабырлануучулар биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Борбор калаадагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашевдин айтымында, жабыркагандар шаардын төрт ар башка жеринде жайгашкан “Империя пиццы” тармагынан роллдорду жешкен. Адистер эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп жатышат, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.