Бишкекте Матраимовдун кызынын үлпөт тою өтүп жатат (видео, сүрөт)

Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун кызы Нагимайдын үлпөт тою өтүп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, Матраимовдун кудасы Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сырдыбаев. Учурда эки жаштын — Нагимай менен Дастандын үлпөт тоюна коноктор келе башташты.

22-августта  Искендер Матраимов кызын турмушка узаткан. Кыз узатуу «Ала-Тоо» ресторанында өткөн.