Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн “Вакцина сактайт!” аттуу викторина күнү болду (фото)

15-июлда Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн “Вакцина сактайт!” аттуу викторина күнү болуп өттү.
Ага Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директорунун орун басары Нуржамал Шейшеева, USAID`дин Саламаттыкты сактоо системасынын туруктуулугун бекемдөө (LHSS) долбоорунун директорунун орун басары Венера Майтиева жана Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай уюмунун өкүлү Екатерина Орехова катышты.

Мындай форматтагы иш-чара дарыгерлер үчүн биринчи жолу уюштурулду. Ага түрдүү профилдеги элүүгө жакын медицина кызматкерлери – иммунологдор, эпидемиологдор, инфекционисттер, кардиологдор, эндокринологдор, фтизиатрлар, аллерголог, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана башкалар катышты.

Катышуучуларга коронавирус инфекциясы жана эмдөө боюнча темада 20 суроо берилип, кыска мөөнөттө туура жооп берген адистер жеңүүчү деп табылды.

Викторинанын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен сегиз команданын төртөө өз байгелерин алышты.

Тактап айтканда:
1-орун: Mi Shop гаджет дүкөнүндөгү бардык команда мүчөлөрүнө сертификаттар
2-орун: «Кеттик» туристтик агенттиги менен саякатка сертификаттар
3-орун: «Раритет» китеп дүкөнүнө сертификаттар
4-орун: Кондитердик азыктарды сатып алууга сертификат

Ошондой эле иш-чаранын алкагында COVID-19га каршы эмдөө боюнча телевидение, радио, жалпыга маалымдоо каражаттарына COVID-19 тууралуу эфирде элге туура жана так маалыматтарды жеткирип интервью бергендиги үчүн 30 мыкты спикер тандалып сыйлыктар менен сыйланды.