Бишкекте медицина кызматкерлеринин тынчтык митинги өтүп жатат

Бүгүн, 16-апрелде Бишкектеги «Панфилов» паркында медицина кызматкерлеринин тынчтык митинги өтүп жатат.

Анда мединицина кызматкерлери бийликтен бир жолку төлөнүүчү кенемтени берүүнү, медицина кызматкерлеринин айлык маянасын заманга ылайык көтөрүп берүүнү талап кылышууда.

Компенсация бир жыл болуп калды төлөнө элек. Ошондон бери эч ким төлөгөн жок, айтпайт. Документтерибиздин барын тапшырып койгонбуз. Саламаттыкты сактоо министрлигинде жатат. Былтыр июль айында коронавирус болуп ооруп калгам. Мобилдик бригадада иштегем. Андан сырткары айлык акы боюнча эки эсе көбөйдү дешти бирок чын-чынына келгенде үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы кайра азайды”, — деди дарыгер.