Бишкекте мектептен үйүнө кайтып келе жаткан эки окуучу итке таланды

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте 1 жана 6-класстын окуучуларын ит тиштегенин жазып чыгышкан эле. Жазылган маалыматтарга караганда, окуучулар мектептен үйгө кайтып келе жатышкан.

Балдардын апасынын айтымында, балдар катуу стресске кабылышкан. «Ооруканада аларга медициналык жардам көрсөтүлдү, бир уулу оор жаракат алды, тиккенге туура келген. Экинчисинин колу жабыркаган. Окуя Акылбеков менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон», — деген.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуянын чоо-жайын билүү үчүн Свердлов РИИБге кайрылганыбызда, милицияга бул боюнча маалымат түшкөнүн айтышты. «Бишкектин Свердлов РИИБине Акылбеков көчөсүндө эки кичинекей баланы ит тиштегени тууралуу маалымат түштү. Факты каттоого алынып, экспертиза дайындалды. Толук маалымат кийинчерээк берилет», — дешти мекемеден.