18-январдан тартып Бишкек шаарында 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып билим алууну улантышат. Балдар эки сменада сабакка барып, парталарга шахматтык тартипте отургузулат. Мындай режим 1-февралга дейре созулат, эгерде көрсөткүчтөр туруктуу сакталса, анда калган класстын окуучулары да мектепке кайтышат. 12-январдан 18-январга чейин мугалимдер медициналык кароодон өтүшөт жана мектептерде дезинфекция жүрөт. Ошондой эле бала бакчалар да 20-январдан тартып ачылат. Бул тууралуу маалыматты мэриядан билдиришти. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалардын басымдуу бөлүгү өткөн жылдын март айынан бери жабылуу бойдон турат.
Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөн 15 жаштагы кыздын жанында эжеси болгон
Орусиянын Красноярск шаарында полиция эмгек мигранттары арасында рейд өткөргөн. Текшерүү учурунда 2009-жылы туулган кыргызстандык кыз аныкталган. Коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, ал...