18-январдан тартып Бишкек шаарында 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып билим алууну улантышат. Балдар эки сменада сабакка барып, парталарга шахматтык тартипте отургузулат. Мындай режим 1-февралга дейре созулат, эгерде көрсөткүчтөр туруктуу сакталса, анда калган класстын окуучулары да мектепке кайтышат. 12-январдан 18-январга чейин мугалимдер медициналык кароодон өтүшөт жана мектептерде дезинфекция жүрөт. Ошондой эле бала бакчалар да 20-январдан тартып ачылат. Бул тууралуу маалыматты мэриядан билдиришти. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалардын басымдуу бөлүгү өткөн жылдын март айынан бери жабылуу бойдон турат.
Бишкекте мектептер жана бала бакчалар ачылганы жатат
toys in kindergarten
- Categories: КООМ
Related Content
Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келип, суракка кирип чыкты
Автор
СЕРЕП МЕДИА
16:32 19.03.2026
Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иштешет
Автор
СЕРЕП МЕДИА
15:39 19.03.2026
Ош шаарында айт намазы мечиттерде окулат
Автор
СЕРЕП МЕДИА
15:36 19.03.2026
Жалал-Абад облусунда Орозо айт намазы мечиттерде окулат
Автор
СЕРЕП МЕДИА
15:33 19.03.2026
Куран жарыш: Кыргызстандык кары кайрадан дүйнө чемпиону болду
Автор
СЕРЕП МЕДИА
10:13 19.03.2026