18-январдан тартып Бишкек шаарында 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып билим алууну улантышат. Балдар эки сменада сабакка барып, парталарга шахматтык тартипте отургузулат. Мындай режим 1-февралга дейре созулат, эгерде көрсөткүчтөр туруктуу сакталса, анда калган класстын окуучулары да мектепке кайтышат. 12-январдан 18-январга чейин мугалимдер медициналык кароодон өтүшөт жана мектептерде дезинфекция жүрөт. Ошондой эле бала бакчалар да 20-январдан тартып ачылат. Бул тууралуу маалыматты мэриядан билдиришти. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалардын басымдуу бөлүгү өткөн жылдын март айынан бери жабылуу бойдон турат.
Бишкекте мектептер жана бала бакчалар ачылганы жатат
- Categories: КООМ
Related Content
Жарыяланган видеодон кийин Ала-Бел таштандыдан тазаланып жатат (видео)
Автор
Эдита Ильясова
15:15 29.04.2024
Кыргыз-тажик чек арасында окко учкан үч чек арачыга куран окулду
Автор
Эдита Ильясова
15:05 29.04.2024
Жалал-Абад — Балыкчы унаа жолуна көчкү түштү (видео)
Автор
Эдита Ильясова
12:16 29.04.2024
Африканын "Арноо концертиби?". Бишкектин туулган күнүн өзгөчө куттуктаган видео жарыяланды
Автор
Эдита Ильясова
12:05 29.04.2024
Бүгүнтөн баштап №216 кичи маршруттук каттам автобуска алмашат
Автор
Эдита Ильясова
12:00 29.04.2024