Бишкекте «Менин шаарым» тиркемесинен мэрге кайрылуу жасап, жооп ала алышат

«Менин шаарым» тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Тиркемеде «Мэрге кайрылуу» бөлүмү пайда болду, ал өзгөчө көзөмөлгө алынат.

«Тиркеменин колдонуучулары кайрылуу жөнөтүп, ыкчам тартипте шаардык кызматтардан фото же видеофиксация менен аткарылышы тууралуу отчёт алышат», — деп жазылат билдирдө.

Учурда мобилдик тиркемени активдүү колдонуучулардын саны 457,1 миңди түздү.

«Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде онлайн режиминде турак жай-коммуналдык чарба, транспорт блогу, аялдама комплекстери, эвакуацияланган автотранспорт каражатынын ордун аныктоо, салык төлөө, бардык маселелер боюнча шаардыктардын кайрылууларын калтырууга мүмкүндүк берген функционал бар.