6-декабрда саат 23:00 чамасында кызмат өтөп жүргөн Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын патрулдук экипажына Ала-Тоо конушундагы Иманалиев көчөсүнөн жаран «балабыз дем албай жатат» деп шашылыш түрдө кайрылган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Кайгуул кызматкерлери кырдаалдын оорлугун эске алып, убакытты жоготпой наристени кызматтык унаага алып, үчүнчү балдар ооруканасына тез арада жеткирип, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.