Бишкекте милиция кызматкери чөгүп жаткан кишини сактап калган (видео)

Бишкек шаарынын тургуну милиция кызматкерине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

20-февралда саат 19:00 чамасында ал үйүнүн терезесинен агасынын дарыяга чөгүп жатканын жана анын артынан милиция кызматкери секирип кеткенин көргөн. Ал дароо үйдөн чуркап чыкканда окуя болгон жерде башка жарандар дагы болгон. Милиция кызматкери инисин дарыядан алып чыккандан кийин дароо жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Бишкек ШИИББнын МККК полкунун кызматкери, милициянын кенже сержанты Батыр Абдугаффор уулуна кызматы жана эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде борбор калаанын милициясынын жетекчилиги четте калбастан, кызматкерге ыраазычылык катын тапшырган.