Бишкекте милиция кызматкерлери жүрөгү ооруган аялды ооруканага жеткирди (видео)

Милиция кызматкерлери тез жардамга муктаж болгон аялды ооруканага жеткиришти. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

5-август күнү Бишкек шаарынын Жибек-Жолу жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен жаран кызматын өтөп жаткан ИИМдин Күзөт кызматынын милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылган. Ал жубайынын жүрөгү ооруп жатканын, аны ооруканага тез арада жеткирүү керектигин, бирок жол тыгынына байланыштуу ооруканага тез жете албай жатканын айткан. Ошондуктан, милиция кызматкерлерине кайрылып жатканын билдирген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери жарандын кайрылуусуна кайдыгер карабай, аялды кызматтык унаа менен ооруканага жеткиришкен. Туугандары болсо өздөрүнүн унаасы менен милициянын кызматтык унаасынын артынан барышкан.«Милиционерлердин аракетинин натыйжасында аялга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп, өмүрүнө коркунуч жаралган эмес», деп айтылат маалыматта.