Бишкекте милициянын жубайларына «Офицердин аялы» медалы тапшырылды (сүрөт)

Бишкекте милиция кызматкерлеринин жубайларына «Офицердин аялы» ведомстволук медалын тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, офицердин аялы жолдошунун оор кызматынын бардык кыйынчылыктарына, ошол эле күтүлбөгөн чалууларга, ыкчам сапарларга жана командировкаларга чыдап, милиция офицерине дем берип, аны колдоо үчүн колдон келгенин барын жасайт.

 “Офицерлердин жубайлары коомдук коопсуздугун камсыздоого чоң салым кошот деп айтсак да болот, анткени алар үйүндө дайыма күткөнү бар экенин билип, көңүлү тынч мекенге кызмат кылат”,-деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле иш-чарада Бишкек шаардык ИИББ башчысынын орун басары Нурбек Калыкеев милициянын жубайларына күйөөлөрүнүн жумушуна көрсөткөн түшүнүктүүлүгү үчүн ыраачылык сөзүн айткан.

“Оор жумушчу күндөн кийин сиздер бизди жылуу жана даамдуу тамагыңыздар менен тосуп аласыздар. Оор кызматтарды жана өзгөчө кырдаалдарды жеңүүгө сиздер жардам бересиздер. Чындыгында, кыйын учурларда күйөөлөрү менен ишенимдүү жана мээримдүү аялдар гана калышат. Демек, сиздер медалга гана эмес, андан дагы көп нерсеге, ченемсиз бакытка, бакубатчылыкка жана улуу сүйүүгө татыктуусуздар”,-деди Калыкеев.