Бишкекте миңден ашуун лифт колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен абалда иштейт

Бишкекте 1007 лифт колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен абалда иштейт. Бул тууралуу «Бишкекгорлифт» ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев бүгүн, 13-январда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында айтты.

«Алар авариялык абалда эмес жана коопсуз. Шаардык бюджеттен 2021-жылы 26 миллион сом бөлүнгөн, буга 20 лифт оңдолгон. 2020-жылы 21 миллион сом бөлүнгөн. Бир лифтти орнотууга орточо 1 миллион 200 миң сом коротулат», — деди директор.

11-январда Бишкектин «Улан-1» кичи районунда эркек киши лифтке кыпчылып калып, каза болгон.