Бишкекте Минсктен алып келинген жаңы автобустар 3 ай бою сыноодон өтөт

Буга чейин Бишкек шаарына «Минский автомобильный завод» ачык акционердик коомунун өкүлдөрү келишип, анда мэрия менен аталган компаниянын ортосунда келишим түзүлгөн. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти.

Анын алкагында компаниянын МАЗ 206946 үлгүсүндөгү жаңы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустун бет ачары болуп өттү. Транспорттун бул түрү Бишкектин аймагында 3 ай бою сыноодон өтөт. Сыноодон өтүү үчүн автобус бекер берилди.

Автобус №7, 38 жана 42-автобус каттамдарында убактылуу каттайт. Бул жапыз баскычтуу автобус шаардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкталган. 27 орундуу шаардык транспорт экологиялык класс боюнча Еuro 5 тобуна кирет. Автобустун узундугу 8,8 метрди түзөт жана газ кыймылдаткычында (метан) жүрөт.