Бишкекте митингге чыккандарды милиция кармап кетти

Бишкекте эски аянтта Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды колдоп чыккандарды милиция кармап кетти. Буга чейин алардын ИИМдин имаратынын жанында чогулганы маалымдалган.

Маалыматтарга караганда, милиция 30-40тай адамды автобуска салып кеткенин билдирди. Алар Биринчи Май РИИБине жеткирилген.

Бишкек шаардык милициянын жетекчисинин орун басары Тилек Түкөбаев аларды Горький паркына барып митинг өткөрүүсүн талап кылган. Бирок акциянын катышуучулары баш ийбей плакаттарын көтөрүп, тротуарга өтүшкөн. Жогорку Соттун имаратынын жанына келгенде Түкөбаев баарын кармоого буйрук берди. Милиция кызматкерлери аял-эркегине карабай чекеден автозакка салып, митингчилерди Биринчи Май РИИБине алып кеткен.

«Политклиника» басылмасы журналисти Эркайым Асанканованы митингди түз эфирде чагылдырып жаткан жеринен кармап кетишкенин билдирип, кийинчерээк анын кое берилгени маалым болду.

Ал эми мурдагы элчи Азимбек Бекназаровдун уулу Бекназаровдордон 8 адамды кармаганын жазды. «Дагы канчоосун камашыңар керек? Эмне өчүңөр бар? Так билгим келет. Атам түрмөдө, өзүм үй камагында, апам Гүлүмкан Мамакеева, авам Казымбек Бекназаров, иним Зухраб Бекназаров, карындашым Базарбай кызы Жаңылай, жеңем Гүлбара Былжыбаева, энем Гүлмира Мамбеталиеваны Биринчи Май РИИБде кармап отурасыңар. Эмне жакын туугандар дагы ооз ачпаш керекпи? Мынчалыкка баруу жакшы эмес!» — деп жазды ал.