Бишкекте мончолордо жана сауналарда рейд жүрдү

Муниципалдык инспекторлор комиссиясы жана Жаратылыш ресурстары министрлигинен түзүлгөн топ мончо жана сауналардан тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактыларын аныктоо боюнча рейддерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Бир жуманын ичинде топ Биринчи май районундагы 12 мончону текшерип, экологиялык эрежелерди бузуу катталган жок. Текшерүүнүн жүрүшүндө түшүндүрүү иштеринин натыйжасында М.Ганди көчөсүндөгү №210 дарегиндеги «Арашан» мончосу жана Профсоюз менен П.Лумумба көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ден соолук» мончолору түтүндү фильтрациялоого өткөндүгү аныкталды. Октябрь районунда текшерилген 9 учурдун ичинен Достоевский көчөсү 22 дарегиндеги 1 мончого тигүү калдыктары менен жылыткандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен айып пул салынган. Ленин районунда чарба жүргүзүүчү субъекттин айланасында санитардык нормалар бузулган 2 учур аныкталды. 114-берене менен С.Боронбай көчөсү 57 дарегиндеги «Бодрость» мончосуна 13 миң сом, Иманалиев көчөсү 143б дарегиндеги мончого 13 миң сом айып салынды.
Бүгүнкү күндө борбордо 373 мончо жана сауна бар. Анын ичинен 259у көмүр менен жылытылат, 35и газ менен жылытууга өткөн, 59у иштебейт. Бул багыттагы иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
Турмуш-тиричилик калдыктарын, өндүрүштүк, өнөр жайлык же тыюу салынган предметтердин башка түрлөрүн жагып жылытуу катары колдонбоону мэрия суранат.