Бишкекте мончолордо тыюу салынган заттарды жагуу боюнча текшерүү жүрдү

Бишкекте мончолордо тыюу салынган заттарды жагуу боюнча текшерүү болду. 27 мончо эко тесттен өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаардыктардын суроо-талабы боюнча «С легким паром», «Фрунзе», «Датка» мончолору да текшерилген. Рейд учурунда тыюу салынган буюмдарды күйгүзүү фактылары катталган эмес. Бардыгы газ менен жылытууга өтүп, жеке үйлөрдөгү мончолордо көмүр жана отун колдонулуп жаткан.

Белгилей кетсек, муниципалдык инспекция зыяндуу заттарды өрттөө Кылмыш-жаза кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7500 сомдон 23000 сомго чейин айып салууга алып келерин эскертет.