Бишкекте Муфтий айымдарга өлкө башчы тарабынан берилген жоолуктарды тапшырды

Кечээ, 15-августта Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Замир Ракиев ордо калаабыздагы имам Сарахсий мечитинде өлкө башчы тарабынан берилген жоолуктарды тапшырып, аялзатынын исламдагы ордун түшүндүрдү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

«Динибиз аялзатын барктоого өзгөчө көңүл бурду. Аялды камсыздоону кичинекей кезинде атасына, турмуш курганда жолдошуна, улгайганда баласына жүктөдү. Алланын элчиси аялзаты төрөлгөндө атасына бейиш дарбазасы ачыларын, турмушка чыкканда жолдошунун дини толукталып, перзенттүү болгондо бейиш таманынын алдында каларын жар салды. Пайгамбарыбыз өзү да аялзатын терең урматтаган»,- деди ал.

Муну менен катар Муфтий Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ишмердүүлүгү, аялзаты үчүн уюштурулуп жаткан сабактар жана окуу курстары боюнча айтып, ишемби жана жекшемби күндөрү Муфтияттын алдындагы Хадижа айымдардын окуу борбору атайын сабактарды өткөрүп жаткандыгын билдирди.