Бишкек шаарынын мэриясы ичүүчү сууга жана саркынды сууларга тарифти көтөрүү боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыгып, шаардык кеңештин кароосуна киргизди. Документ коомдук талкууга коюлду.
Документте белгиленгендей, керектөөчүлөрдү коопсуздук стандарттарына жана гигиеналык талаптарга жооп берген сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо, суу түтүктөрүн жана канализация объекттерин эксплуатациялоо, көп батирлүү үйлөрдүн ички чарбалык суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын тейлөө шаардын турак жай имараттары ири каржылык чыгымдарды талап кылат.
Учурдагы тарифтер насостук-энергетикалык жабдууларды, жүк ташуучу жана атайын автотранспортторду талаптагыдай иштетүүгө жана модернизациялоого, суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын реконструкциялоого, ички суу түтүк канализация тармактарын профилактикалык, учурдагы жана авариялык оңдоого мүмкүндүк бербейт.
Тарифти жогорулатуу (долбоор); Суу менен камсыздоо (1 куб метр үчүн, салыксыз):
Калкка — 10,45 сом;
бюджеттик уюмдарга — 12,95 сом;
Башка керектөөчүлөргө – 18,5 сом.
Канализация (1 куб метр үчүн, салыксыз):
Калкка — 3,45 сом;
бюджеттик уюмдарга — 4,5 сом;
Башка керектөөчүлөргө – 9 сом.
Мэрия үй ичиндеги суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын тейлөө үчүн да тарифти көтөрүүнү пландап жатат. Учурдагы жылына бир чарчы метр үчүн 10,2 сом болгон акыны 15,1 сомго чейин көтөрүү сунушталууда.