Бишкекте «Мыйзамдуулук үчүн» жөө жүрүшүнүн акыркы иш-чарасы өттү

Бишкекте бүгүн, 4-апрелде «Мыйзамдуулук үчүн!» тынчтык жөө жүрүшүнүн акыркы иш-чарасы өттү. Акцияда конституциялык реформага байланышкан талаптар коюлду.

Жөө жүрүштүн уюштуруучусу Улан Үсөйүндүн айтымында, бул марш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун алдындагы соңку иш-чара.

“Референдумду дайындоо чечимин кабыл алууда көптөгөн мыйзам бузууларга дагы бир жолу адамдардын көңүлүн бургубуз келет. Биз бийликти Венеция комиссиясынын пикирин эске алууга чакырабыз. Жарандарды укугунан ажыраткан, тең салмактуулукту бузган, бийликти бир колго топтогон эмес, биз сыймыктана турган Конституцияга ылайык жашоону каалайбыз”, — деди ал.

Тынч жөө жүрүш Темир жол бекетинин алдынан башталып, Эркиндик бульвары аркылуу «Ала-Тоо» аянтына чейин болду.

«Баштан башта» кыймылы демилге кылган «Мыйзамдуулук үчүн!» тынчтык жүрүштөрү 2020-жылдын октябрынан бери ар жекшембиде өтүп келаткан. Акцияда Кыргызстанда коррупцияны жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу чакырыктары жаңырып турат.

11-апрелде Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен чогуу өтөт. Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылат, анын 48и чет мамлекеттерде.