Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан Севастопольская көчөсү, 8 дарегинде уруксаты жок көп кабаттуу турак жайдын курулушу аныкталып, токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардык прокуратуранын жана экономика министрлигинин көрсөтмөсүнүн негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен куруучу ЖЧКга административдик чаралар көрүлгөн. Андан ары материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилет.