Бишкекте Назик Ибраева дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 2009-жылы туулган Назик Ибраева дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-февралда милицияга апасы кайрылып, кызы 17-февраль күнү саат 08:30 чамасында үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, ​​(0312) 352947, (0312) 352671 , 0705450553, 0553102880 номурларына чалсаңар болот.