Бишкекте Нооруз майрамы кандай белгиленди? (сүрөттөр)

Нооруз майрамына карата Бишкек шаарындагы майрамдык иш-чара Усубалиев атындагы аянтта өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Сиздерди президент жана Министрлер кабинетинин атынан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм. Нооруз майрамы – руханий маданиятыбыздын бир бөлүгү, чыгыш цивилизациясынын салттуу майрамы. Нооруз кылымдап келе жаткан салтты, маданияттагы көп түрдүүлүктү сактайт жана жакындаштырат. Ала-Тоо койнунда жашаган көп улуттуу элибиздин коломтосунан от, дасторконунан кут кетпесин”, — деди ал.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө республикада болуп жаткан алгылыктуу окуяларга токтолду. Ал өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүшүн, бюджеттин кирешелеринин көбөйүшүн, ири инфраструктуралык долбоорлор – Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун ишке ашырылып жатканын, быйылкы жылы 30га жакын чакан ГЭСтер, күн жана шамал станциялары боюнча иштер башталганын, 100гө жакын жаңы ишканалардын ачылышы жана мамлекеттик ипотека программа аркылуу турак-жай курулушу жигердүү ишке ашырылып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук оюндар, элдик кол өнөрчүлүк буюмдарынын жарманкеси менен таанышты.