Бишкекте 2009-жылы туулган Мурзаканова Нурайым Мурзакановна дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 27-июлда саат 14:00 чамасында Ар-Өргө конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барган эмес.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0707 143 471, 0702 567 388 номурларына чалсаңар болот.