Бишкекте Өчпөс отту өчүргөн бала табылды (видео)

Бишкек шаарында Өчпөс отту өчүргөн жаран табылып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарынын борборунда Өчпөс отту өчүргөн жарандын видеосу тараган. Анда белгисиз эки жарандын бири «Өчпөс отту мен өчүрөм» деген бейбаштык жосуну видеого тартылып, коомчулукта сын-пикирге алынган.

Бул видео чыгар замат милициянын кайгуул кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 2003-жылы туулган жаранды табышып, Свердлов райондук Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Кармалган шектүү жаран кылган кылыгын моюнуна алып, тамаша хайп үчүн жасагандыгын айтып, коомчулуктан кечирим сурады. Учурда бул факты боюнча тийиштүү иштер жүрүүдө.