Бишкекте окуучу бала автобуста уктап калып, адашып кеткен

Милиция кызматкери адашып кеткен баланы ата-энесине аман-эсен тапшырды. Бул тууралу ИИМден билдиришти.

4-мартта саат 12:05 чамасында милициянын капитаны Бишкектин Дэн Сяопин жана Кара-Кум көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун жанынан бир баланы байкап калган. Баланын жанына барып сураганда, ал 2016-жылы туулган А.У. экендиги маалым болуп, автобус менен үйүнө көздөй бара жатып, уктап калып, аялдамасын өткөрүп жибергендигин айтып, адашып кеткени аныкталган.

Милициянын капитаны бала менен сүйлөшүп, күндөлүгүнөн апасынын телефонун таап, баланын жүргөн жери жөнүндө кабарлаган. Бир сааттан кийин баланы апасына тапшырып берген. Баланын апасы менен түшүндүрүү маеги жүргүзүлүп, ал эми апасы кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, мындан ары баланы тыкыр көзөмөлгө алууну убада кылды.