Бишкекте окуучуларды акысыз мектеп автобустары ташып баштады (видео)

Ленин районунун аймагында Новопавловка жана Орок МАБда акысыз мектеп автобустары жүрүп баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, аталган аймакта 4 мектеп жана 4 бала бакча жайгашкан. Дача-СУ, Учкун, Учкун-2 айылдарында окуган окуучулардын саны 2000ден ашат. Аталган райондордогу мектептердин жоктугуна байланыштуу окуучулар Манас айылындагы Ат-Башы мектеп-лицейинде 3 — 7,5 чакырым алыс аралыкта билим алышат.

Ленин муниципалдык администрациясы менен «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын ортосунда мектеп окуучуларын акысыз ташуу боюнча келишим түзүлгөн. Учурда Дача-Су, Учкун жана Учкун-2 аймактарында мектеп окуучуларын эртең мененки саат 07:00дөн кечки 19:00гө чейин акысыз ташуу иштери жүргүзүлүүдө.