Бишкекте Ооганстандан келген качкындардын кезектеги митинги өттү

Бишкектеги Горький гүл багында Ооганстандан келген качкындардын митинги өттү. Митингчилер расмий качкын макамын же Кыргызстандын жарандыгын берүүнү талап кылышууда.

Алардын айтымында, Ооганстандын жарандары документ алууда жардам сурап жатышат. «Мен Газни шаарынан келгем, Бишкекте жети жылдан бери жашайм, бирок азырынча качкын макамын ала элекмин. Мүмкүн болсо бизге Кыргызстандын жарандыгын берүүнү суранабыз. Ар бир үч ай сайын мен үй-бүлөм менен жашаган жерибиз боюнча каттоодон өтүшүбүз керек», — деди ал.