Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, салмагы 18 тоннаны түзгөн, бир огу 7 тоннадан ашкан оор жана ири унаалардын кыймылына тыюу салынат. Чектөө 28-июлдан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин киргизилген.

«Бирок, чектөө чаралары жүргүнчүлөрдү, гуманитардык жардамдарды, ири көлөмдөгү жана атайын жүктөрдү атайын уруксаттын негизинде ташуу менен алектенген унааларга колдонулбайт. Ошондой эле, жолдорду куруу, оңдоо жана күтүү үчүн тартылган транспортко тиешеси жок. Мындай иш-чаралар борбор калаанын жолдорунун эксплуатациялык мөөнөтүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында көрүлдү»,— деп айтылат маалыматта.