Социалдык тармактарда «кызымдан айрылып калдым» деген жарандын видеосу тараган. Видеодо жаран акыйкаттык издеп жатканын айтып, өлкө башчыга кайрылган.
Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтарга караганда, 16-ноябрда 4 жаштагы кызга жүрөгүнө пландалган операция жасалган. Дарыгер операция ийгиликтүү болгонун айткан. Бир сааттан кийин кыздын абалы начарлап, кан басымы түшүп, жүрөгү токтогон. Апасы кызынын өлүмүнө дарыгерлерди күнөөлөп, алар жоопкерчилик алышы керек дейт.
Биринчи Май райондук милициясы маалымат берип, аталган факты каттоого алынганын, териштирүү иштери башталганын билдиришти. Учурда милиция кызматкерлери тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүп жатат.