Бишкекте «Ордо» партиясынын лидери дайынсыз болуп жатат

Бишкекте «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров кечээ күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын партиялашы билдирди.

Партиялашынын айтымында, Мияров кечээ, 28-ноябрда саат 15:00 чамаларында №44 мектепте добуш берген соң, байланышка чыкпай калган. «Дале кабар жок, телефону өчүк, кечээ добуш бергенден кийин дайынсыз болуп жатат», — деди ал.

Бул боюнча УКМКга кайрылганыбызда, ал жакка кайрылбаганын жана жеткирилбегенин билдиришти.