Борбор калаанын Иса Ахунбаев көчөсүндө өрт кырсыгына учураган эки кабаттуу дүкөндүн ээси өрт өчүрүү куткаруучуларына ыкчам таасир этип, тилсиз жоону өз убагында өчүрүп калганына ыраазы болду.
«Биз бул жерде 2019-2020-жылдан бери иштейбиз. Бүгүн саат 08:40 чамасында кошунабыз чалып, кафе тараптан түтүн чыгып жатканын айтты. ӨКМ кызматкерлери өз убагында келип, өрттү өчүрүштү. Биздин дүкөндү сактап калышты. Аябай ыраазымын», — деди ал.