Бишкекте Орусиянын вакцинасын алууну каалагандар көп болууда

Орусиянын вакцинасын алууга адамдар кезекке туруп калганы байкалууда. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, Саламаттыктык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Иммунопрофилактика борборунун жана шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын өкүлдөрүнөн турган атайын жумушчу топ эмдөө пункттарын көрүп келишти.

«Биз бүгүн баш калаадагы эмдөө пункттарын кыдырдык. Орусия вакцинасы сайылып жаткан 3 эмдөө пунктунда бир аз кезек жаралыптыр, башка жактардан андайды көргөн жокпуз. Бирок ага карабастан, Үй-бүлөлүк медициналык  борборлорунда кошумча эмдөө пункттарын ачуу чечимин кабыл алдык. Бишкек шаарынын мэриясынын, Кызыл чырым коомунун көмөгү менен чатырларды, кошумча орундуктарды орнотобуз. Азыр коронавируска каршы вакцина алууга келген жарандарды ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси каралып жатат», — деди Гүлбара Ишенапысова.

28-апрелге карата COVID-19га каршы эмдөө алгандардын саны 20 миң адамдан ашты. Алардын ичинен 606 адам экинчи дозасын алышты. Өлкө боюнча 88 убактылуу эмдөө пункттары  жана 65 мобилдик бригада иштеп жатат.