Бишкекте өспүрүмдү арыкка жыгыта чапкан айдоочу жумуштан кетти

Бишкекте өспүрүмдү арыкка ыргыта муштаган №173 маршруттук таксинин айдоочусу иштен кетти. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

«№ 173 каттамдын айдоочусу менен жүргүнчүлөрдү ташуу келишими бузулуп, келишимдик милдеттенмелер да бир тараптуу бузулган. Айдоочу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын одоно бузгандыгы үчүн иштен бошотулду. Ошондой эле, жогорудагы каттамдын бригадири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал тараптан жүргүнчүлөрдү ташууда этиканы сактоо жөнүндө айдоочулар курамы менен сүйлөшүүлөр уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармакка маршруттук таксинин айдоочусу эшикти катуу жаап салгандыгы үчүн өспүрүмдү муштап салганы айтылган.