Бишкекте өткөн жылдын октябрь айынан бери изделип жаткан жаран табылды

Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз болуп жаткан жаран табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

14-апрелде дайынсыз болуп изделип жаткан 1981-жылы туулган жаран Бишкек шаарынын аймагынан аман-эсен табылды. Ал өткөн жылдын 30-октябрынан бери дайынсыз болуп, изделип жаткан.

Анын абалы канааттандырарлык, тийиштүү кызматтар тарабынан бардык зарыл иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.