Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда аксакалдар ортосунда талаш чыкты

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте Элдик курултай өтүп жатат. Иш-чаранын жүрүшүндө чатак чыгып кете жаздады. 

Легендарлуу парламенттин депутаты Кемел Аширалиев аксакалдар кеңешине талапкерлердин ысымдарын атай баштады. Ар бир облустан, ошондой эле эки шаардан аксакалдар кеңешине кире турган бирден талапкерди шайлоо сунушталды. Мындан тышкары, бул кеңешке анын айтымында, эмгек мигранттарынын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү кириши керек. Баардыгы болуп 20 адам болушу зарыл.

Аксакалдар кеңеши шайлангандан кийин Кемел Аширалиев мүчөлөрдү спикерди шайлоо үчүн өзүнчө бөлмөгө чакырды. Залда отурган Курултай делегаттарынын бири Асеин Аракеев 20 эмес, 21 аксакал болушу керектигин айтып, өзүн 21-аксакал кылып шайлоону сунуштады. Тараптар талаша башташты. Президент Садыр Жапаров ортого түшүп, спикерди аксакалдар өзүнчө бөлмөдө шайлоону сунуштады.