Бишкекте полу тешилген троллейбус каттамдан алынды. Айдоочуга сөгүш берилди

Бишкекте полу тешилген №2 троллейбустук каттамдагы троллейбус убактылуу линиядан чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришти.

«Полдун тешиги жана ичинин кирин жоюу боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө. Убактылуу ыңгайсыздык үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Айдоочуга санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн сөгүш жарыяланган.