Бишкекте президенттен коррупцияны жок кылууну суранган митинг өтүп жатат

Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат. Митингчилер президент Садыр Жапаровдон укук коргоо органдарындагы жана сот системасындагы коррупцияны жок кылууну суранышууда.

Алардын айтымында, алар өлкөдөгү укук системасынын курмандыктары. «Бүгүнкү күндө ондогон, болбосо, жүздөгөн жакыр адамдар укук коргоо органдарынын аракеттеринен жапа чегүүдө. Алардын үнү эч кимге жетпейт. Тергөөдөн баштап прокуратурага чейин бардык инстанциядагы сотторго чейин, баарында коррупция бар. Бул бизнеске айланды»,- деп айтышты алар.