Бишкекте «Раим камалсын» деген талап менен жөө жүрүш өтүп жатат

Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаарында «Раим камалсын» деген талап менен жөө жүрүш өтүп жатат. Тагыраагы «Баштан башта» кыймылы тарабынан уюштурулган акциянын катышуучулары Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата чыккан чечимге нааразычылыгын билдирип жатышат.