Бишкекте «RedCenter» соода борборундагы жарандар эвакуацияланып жатат

Бишкекте RedCenter соода борборундагы жарандар эвакуацияланды.

Маалыматка караганда, бүгүн 24.kg редакциясына имаратка бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалым болгондой, ушундай эле кат Kaktus.media жана elgezit.kg сайттарынын редакцияларына да келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери соода борборуна келгендердин баарын, ошондой эле кеңсе кызматкерлерин эвакуациялашкан.